7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта мөндүрдүн кесепетинен 770 гектарга жакын жер жабыркады

365

28-июль күнү Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар жана Арчагүл айылдарында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен айыл чарба жерлери жана ирригациялык тармак жабыркаган.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө жалпы 769,5 гектар айдоо жери жабыркаганы аныкталган. Анын ичинен:

  • 455,4 га — төө буурчак,
  • 2,5 га — буудай айдоо аянттары болгон.

Жалпысынан 112 дыйкан жабыр тартты.

366