7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта “Манас” театрынын филиалы ачылды (ФОТО)

430

Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аракети менен Кара-Ой айылында Улуттук “Манас” театрынын филиалы ачылды. Ал айылдагы музейдин ичинен орун алды.

Анда манасчы Кулмат Сыдыков иш алып барып, айыл балдарына Манас жана комуз боюнча окутуп, тарбия берет. Жакшы жери, мында балдар-кыздар бекер окушат. Баардык чыгымды Шумкар-Уя айыл өкмөтү көтөрүп, жергиликтүү казынадан каржылап турат.

Ачылыш аземге айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев, кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, КР Эл артисти Түгөлбай Казаков , генерал-лейтенант Бексултан Ишимов жана Кыргыз Улуттук “ Манас” театрынын кызматкерлери катышты.

Салтанатта Манас эпосун жайылтууга кошкон зор салымы үчүн Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө “Манас” театрынын “ Ыраазычылык каты” тапшырылды.

Өз кезегинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү да маданият тармагында кызматкерлердин жана ишмерлердин эмгегин баалап ыраазычылыгын билдирди. Таластан обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер, КР Эл артисти Түгөлбай Казаковго карышкырдын терисинен жасалган ичик кийгизишти.

431