7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта сел жүрүп, 37 турак үйдү, 70 гектар айдоо жерди суу каптады

719

Таласта сел жүрүп, 37 турак үйдү, 70 гектар айдоо жерди суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-май күнү саат 18:30дар чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунда жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айылын болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган.

Жарандык коргонуу комиссиясы, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана айыл аймактан 15 кызматкер тартылган. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720