7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

264

Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейин трансформация болбогон 163 сугат, айдоо категориясындагы жерлерди үй салуу үчүн менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган.

5-мартта Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору, айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка жетекчилерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

265