7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун башчысы 100 жаштагы Кайрыл апаны куттуктады

239

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Көк-Таш айылынын 100 жаштагы тургуну Каратаева Кайрыл ападан кабар алып, 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Кайрыл апа 13 баланын апасы жана 100дөн ашуун небере-чеберенин чоң энеси.

Апанын 40 жаштагы уулу Мамасалы Каратаев 2021-жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда, жарадар болгон аскер кызматкерлерине жардам берип жаткан учурунда каза болгон.

Облус башчысы баатыр уулду тарбиялаган апага ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, белектерин тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн жер жерлерде улгайган көп балалуу апаларды жергиликтүү жетекчилер куттуктоодо.

240