7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жолдорду асфальттоо иштери уланууда

406

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Талас облусундагы жол куруу иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, төмөнкү Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө иштери жүрүп жатат:

  • №47 Жол тейлөө ишканасы: Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Ключевка-Май-Бакыян унаа жолундагы Р. Жанаев көчөсүнө 3 чакырым асфальт төшөлдү. План боюнча 6 чакырым каралган, 3 чакырым асфальт төшөөгө жол негизи даярдалып бүттү.
  • №19 Жол тейлөө ишканасы: Талас –Нылда –Покровка автожолунун 7 чакырымын асфальттоо каралган. Аталган жолго 3,2 чакырым асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми калган 2 чакырымына асфальт басуу пландалып жатат жана жер негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
  • №6 Жол тейлөө ишканасы: Аманбаев-2ф-Лущихин унаа жолуна 4 чакырым асфальт басууга жол негизи даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.

407