Бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда «Кайрагач» чек ара заставасын ачылыш аземине катышты.
Аталган чек ара заставы 2012-жылы курулуп башталып, бирок бүткөрүлбөй, кайра кароосуз калып калган. Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуш иштери кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлдү.
«Кайрагач» чек ара заставасы заман талабына толугу менен жооп берет жана чек арачылардын кызматтык милдеттерин так аткарышы үчүн бардык тийиштүү аскердик каражаттар менен камсыздалган. Мончо, спорт комплекси жана аскер кызматкерлеринин эс алуусу үчүн да тийиштүү шарттар каралган.