2024-жылдын 6-октябрынан 12сине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Канатбек Мурзахалилов менен маек.
– Москвада 7-8-октябрда КМШ саммити болуп өттү, аны айрым байкоочулар – КМШга кирген өлкөлөрдүн жетекчилери Путинди туулган күнү менее куттуктоо-майрамдоо үчүн чогулду деп жатат, бирок жыйында бир катар олуттуу маселе талкууланып, маанилүү чечимдер кабыл алынды. Мисалга, Улуу ата-мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын эмдиги жылы бирдиктүү белгилөө эрежелери менен КМШ аймагында дерадикализациялоо программасы каралды, дүйнөдө азыр болуп жаткан глобалдуу трансформациялоо учурунда КМШны аморфтуу эмес, демилгелүү уюмга айлантуу маселелери талкууланды.
– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун өз ыктыяры менен кызматтан кетиши бардыгыбыз үчүн күтүүсүз окуя болду, анткени ал мурда Сузак менен Аксуу райондорунда, Каракол жана Балыкчы шаарларында сот болуп иштеген, азыркы президент Садыр Нургожоевичтин да адвокаты болгон, кийин коррупцияга малынган сотторго каршы аёосуз күрөш баштаганы менен белгилүү болгон. Аны менен катар көп жылдан бери сот реформасы жүрүп жатканы менен, анын жыйынтыгы үзүрлүү болду дегенден биз азырынча алыспыз. Бул өтө татаал иш экен, калктын кеңири катмарынын үнү сотторго дагы деле жетпей жатат…
– Бишкектеги коомдук унаадагы жол киренин көтөрүлүшү ар бир адамга тийешеси бар маселе, аны менен байланыштуу мэрия негедир түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзө алган жок десе болот, акырында абалды оңдоо иштерине президент өзү киришүүгө аргасыз болду. Ошол эле учурда накталай эмес төлөмгө өтүү – замандын талабы жана ошондой ыкмага сөзсүз өтүш керек, аны менен коррупциялык көрүнүштөрү азаят деген ишеним бар, анткен менен жол киренин 40 сомго чейин көтөрүлгөнү өтө эле кымбат го деген ойдомун.
Жуманын негизги окуялары:
– Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Москвада КМШга кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
– 11-октябрда Садыр Жапаров Ашгабадда атактуу акын Махтумкулинин 300 жылдык мааракесин белгилөө салтанаттарына барып келди.
– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-октябрда Мюнхен шаарында Кыргыз-герман бизнес-форумунда чыгып сүйлөдү жана Бавариянын премьер-министри Маркус Зедер менен дагы жолукту. Андан соң 11-октябрда Будапештке барып, мажар премьер-министри Виктор Орбан менен дагы кездешти.
– 8-октябрда Жогорку сот мурдагы райондук менен шаардык сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, журналист жана жазуучу Олжобай Шакирди 3 жылдык пробацияга чыгарды.
– 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын 6 жылга жана Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратууга кести, ал эми Актилек Капаров менен Айка Бейшекеева 3 жылдык пробацияга чыкты, калган 7 журналист акталды. Тemirov Live басылмасы үчүн иштеген 11 адам 16-январда кармалган.
– «Ынтымак ордонун жанында», Flamingo паркынын аймагында ири конгресс-холл курулмай болду.
– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, 10-октябрда Жогорку кеңеш анын арызын канааттандырды. Президент Садыр Жапаров дароо тиешелүү буйрукка кол койду.
– Бишкекте 10-11-октябрда Турк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму болуп өттү, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Мажарстан, Өзбекстан жана Түркиянын адистери катышты.
– Президент Садыр Жапаров – Бишкектеги форумга катышууга келген Baykar Technology ишканасынын жетекчиси Сельчук Байрактарды кабыл алып, аны «Данк» ордени менен сыйлады.
– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, автоунаа сатылганда, анын камсыздандыруу полиси жаңы кожоюнга өтөт, тек гана аны текшерип, кайра түзүү керек.
– 10-октябрда кечинде Бишкектин 7-кичи районундагы бокс залында ок атышуу болуп, кол салган спорт судьясы өзү каза болду.
– 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо алкагында Кыргызстандын футбол курамасы 10-октябрда Доха шаарында Катарга каршы ойноп, 1:3 эсебинде утулду.
– Бишкек мэриясы – жол кирени накталай төлөө өлчөмүн көтөрүүнү пландап жатат, карта аркылуу төлөгөндө жол акы мурдагыдай эле калат. Андан тышкары, карта менен төлөгөндө, бир жарым саат ичинде автобус алмаштырса болот.
– Депутат Элдар Абакировдун айтымында, акыркы бир жыл ичинде трикотаж буюмдарынын экспорту 2 млн сомдон 256 миңге чейин түшүп кеткен жана маселени чечүү үчүн ыкчам чаралар көрүлүш керек.
– Улуттук банктын маалыматы боюнча, август айында Кыргызстанга сырттан $294 млн которулган, анын 95 пайызы – КМШ мамлекеттеринен. Кыргызстандан болсо сыртка $36 млн которулган.
– Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов менен университеттин баардык проректорлору кызматынан өз ыктыяры менен чегинди жана кечээ күнү жаңы ректор болуп Сергей Волков дайындалды.
– Мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов менен ишкер Болотмамбет Жээнбеков ортосунда «Фрунзе» супермаркети боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.
– Кыргызстанда соттолуп, абакта отургандар шахмат боюнча эл аралык мелдешке он-лайн тартибинде катышып, 5-орунду ээледи. Бардыгы болуп мелдешке 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.