7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта Жоопкерчилиги чектелген уюмдардын салык карызы 5 миллион сомдон ашты

264

Таласта 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, Талас облусундагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.


Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген.


«Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланып жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265