7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы “Кадастр” ишканасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду

876

Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов айыл аймагынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

877