7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү камакка алынды

842

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө — Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. аттуу жарандарга карата бөгөт коюу чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-майда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган жарандарга карата тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Эске салсак, 23-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында криминалдык лидер Камчы Асанбектин(Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Алар көп жылдан бери Кыргызстандын ишкерлеринен жана жарандарынан КЭРден экспорттолгон элге керектөөчү товарларды мыйзамсыз ээлик кылуу менен алектенишкен.

Жогоруда аталган адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, учурда абакта жаткан соттолгон адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843