Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи май айылында көлмөгө 71 жаштагы киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эркек киши балык уулоого чыгып, көлмөгө чөгүп кеткен. Жерине жети куткаруучу тартылып, жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.