7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы мушташ: Окуяга тиешеси бар адамдар милицияга жеткирилди

730

Талас районуна караштуу Райкан Алканов атындагы ат майданында 30-октябрь күнү Көк-Бөрү оюнунун аякташында массалык мушташ болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 7-каналга Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жерде көрүүчүлөр арасында белгисиз себептер менен түшүнбөстүктөр жаралып, 2 жаранды токмокко алып жиберишкен учур болгон.

Окуяга тийиштүү адамдардын баары Талас РИИБдин тергөө бөлүмүнө камсыз кылынып, аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган.

«Териштирүү учурунда Бакай-Ата районунун тургундары арыз жазуудан баш тартып, эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми токмокко алган Талас шаарынын тургундарына карата окуя коомдук жайда болгондугуна байланыштуу административдик чара көрүлүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Райкан Алканов атындагы ат майданында Көк-Бөрү оюну аяктагандан соң көрүүчүлөр арасында массалык мушташ орун алгандыгы тууралуу видеолор тараган. https://7tv.kg/talasta-k-k-b-r-boyuncha-chempionat-t-p-massalyk-mushtash-orun-aldy-video/

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731