Эмгек сиңирген эл артисти Бек Борбиев Кемпир- Абад суу сактагычына байланыштуу жана камакка алынган саясатчы, активисттер тууралуу социалдык тармактагы баракчасына пикирин билдирди.
«Кечээги камоолор боюнча туура эмес деген таризде пост жазайын дедим эле. Бирок, «аудио» сүйлөшүүлөрдү угуп… Деги качан бийликке, байлыкка тоёсуңар? Мамлекетти талкалап, кайра жарата берүү силерге көнүмүш болуп калганбы? Ансыз деле революциялардын айынан коңшуларга салыштырмалуу дээрлик артта калдык. Дагы төңкөрүш, макул төңкөрүш болду дейли, 2-3 жылдан кийин дагы төңкөрүш деп чыгасыңар. Төңкөрүш силерге бизнесби? Ооба эл билет, кээ бириңерге чоң бизнеске айланган. Азыркы бийликти сүттөн ак дебейм, анча мынча катачылыгы менен. Бирок төңкөрүп салгыдай күнөө кыла элек. Кыргызга, Кыргызстанга ак кызматын кылып, дагы кылсам деген эле ниетин көрүп билип атабыз. Чек араны себеп кылып, элди дүрбөлөңгө салып келисиңер. Коншулар менен чек аралар чечилгени эмне жаманбы? Жакшы, карапайым элге жакшы. Коңшулар бизден алса, биз дагы коп эсе алардан алып жатабыз. Же коңшулар бизге жөн эле жерин берип коёбу? Эки өлкөнүн ортосунда чек аралар ошентип чечилет. Же силердин оюңарча эмне согушалыбы? Ооба, тынчтык жолу мененби, согуш мененби кээ бириңерди ал маселе кызыктырбайт. Түрмөдө олтурган жакынынар чыкса, бийликти алсанар, кызматтарды кучактап олтурсанар. Билебиз азыркы бийликтин душмандары өтө бай, миллионер, керек болсо миллиардерлери бар. Акча албетте көп нерсени чечет, антсе да элдин көзү ачылган кез. 5, 10 миң адам бул аз, өлкөбүздө 7 миллион калк бар, баарына акчаңар жетээр бекен? Айтор бул жолу төңкөрүш дегениңерди колдобойм. Кыйын болсоңор президенттик шайлоого катышып, мыйзамдуу жеңип алгыла. Орто кылымдын эмес, 21-кылымдын мыйзамы иштесин!»,-деген ал.