7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластын капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 5 млн сом зыян тийгизген

540

Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Тактап айтканда, бул курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлери «МПМК-Талас» курулуш ишканасынын жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүп алып, облустун Манас районунун таза суу куурларын реабилитациялоо боюнча аткарылган иштердин баасын кымбаттатып жазган.

Мындай тымызын сүйлөшүүнүн натыйжасында долбоордо каралган иштер аткарылган эмес, аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 5 млн 213 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

541