7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластын Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда

605

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында “Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606