7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластын смотрящий баласымын деген жигит кармалды

230

Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылтууга шектелип облустун аймагынан кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Instagram» социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы «ТАЛАСТЫН СМОТРЯЩИЙ БАЛАСЫ» аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Весь Кыргызстанды кармагым келет…. бироо кынк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.

Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана «кылмыш дүйнөсүнүн» идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

231