7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибдер митингге чыккан аялдарды асманга ок атып таркатты

933

Кечээ, 4-августта Кабулдун борборунда тең укуктуулукту талап кылган аялдар акцияга чыккан.

Талибан  кыймылы аларды көздөн жаш агызуучу газ жана асманга эскертүү иретинде ок чыгарып таркатты. Ошондой эле бир аял жараат алганы, айрымдары сабалганы кабарланды.

Социалдык тармактардагы тараган видеодо аялдын башынан кан агып жатканын көрүүгө болот.

Ушундай эле митинг Ооганстандын батышындагы Герат шаарында өткөн жумада болгон.  Алар колдоруна “Биз 90-жылдардагы аялдар эмеспиз” деп жазылган баракчаларды көтөрүп алган.

“Талибан” бийликке келгенден  кийин аялдардын укуктары исламдагы эрежелер менен корголорун белгилеген. Талибдердин жогорку лидерлеринин бири Шер Мохаммад Аббас 31-августта Би-Би-Сиге аялдар жогорку кызматтарга дайындалбайт деп ойлорун, бирок коомдо алардын ролу болорун айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

934