Соцтармакта талкууланган тик учак мыйзамдуу жол менен ижарага берилген. Бул окуя тууралуу ӨКМ түшүндүрмө берди.
«Алдын ала жеке жак менен ушул жылдын 21-июнунда 1 саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 662 сом төлөгөн. Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат. Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот»,- деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат. Жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н — 145 Airbus” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат.
Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.