Бишкекте «майып кылып салам» деп коркутуп, акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Милицияга Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар «сүйлөшкөн кызыңдын карызы бар» деп 150 миң рубль талап кылып жатканын билдирген.
Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү 32 жаштагы жабырлануучудан 80 миң сом алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



