7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык балбан кыздар эки медаль утту

289

Кыргызстандык балбан кыздар Дилназ Сазанова менен Нурзат Нуртаева Иван Ярыгин кубогунда ийгилик жаратты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалым болгондой,  турнир 29-январдан 1-февралга чейин Россиянын Красноярск шаарында өттү.

Алсак, 62 кг чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга татыды. Ал финалга чейин кыргызстандык Акылай Чыныбаеваны, россиялык Анастасия Сидельникова менен Екатерина Олейникованы жеңди.

Алтын медаль үчүн таймашта Сазанова түндүк кореялык менен күч сынашып, 2:12 эсебинде утулду. Турнирдин жыйынтыгында Дилназ Сазанова экинчи орунду ээледи.

Кыргызстандык Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында үчүнчү орун үчүн болгон беттеште россиялык Кристина Братчикованы 6:0 эсебинде утуп, коло медаль жеңип алды.

290