7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тамчыда чек арачыларга кызматтык үйлөр тапшырылды (ФОТО)

328

Бүгүн Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Мында 51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы, ыңгайлуу жана заманбап батирлерге ээ болушту. Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы жана жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган.

Салтанаттуу иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын өзү тапшырды.

«Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү — мамлекеттин артыкчылыгы. 1-июлдан тарта офицерлердин айлыгы 20 миң сомго жогорулады. Октябрда башка аскер кызматкерлердин да маянасы көтөрүлөт», — деди ал.

329