7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алган». Ысык-Атада каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

919

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 24-март күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен 1959-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен 21:30 чамасында беткапчан бейтааныш адамдар анын үйүнө кирип, тапанча менен коркутуп, баалуу буюмдарын жана акча каражатын алып кетүүгө аракет кылганынын жана эч нерсе таба албастан арыз ээсин ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ф.А., 1991-жылы туулагн М.Р., 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жарандар кармалды.

Убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

920