7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый вазийпасын аткаруудан баш тарткан «Азаттык» эми жабылып калышы мүмкүн

258

2020-жылы АКШнын улуттук чалгындоо кызматтарын жетектеген Ричард Гренелл – чет тилдерде маалымат тараткан айрым маалымат каражаттары эмгиче америкалык өкмөт тарабынан каржыланып жатат, бирок алар эски доордун калдыгы деп Х соцтармагында жазып, «Эркин Европа/Азаттык» жана «Америка добушу» радиолорун мисал катары келтирген. Азыр Гренелл – АКШ президентинин атайын тапшырмаларын аткарган жардамчы.

 

Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү боюнча департаментти жетектеген миллиардер Илон Маск ага жооп катары – андайларды жаап деле салбайсыңарбы, андай солчул-радикал маалымат каражаттары жыл сайын америкалык салык төлөөчүлөрдүн бир миллиард долларын коротот, бирок аларды эч ким окубайт деп жазган. Кайсы бир маалымат каражатын күч менен жаап салыш жакшы эмес го, бирок Маск менен Гренеллдин айткандарында кандайдыр бир чындык дагы бар.

Мындан 15-20 жылдай мурда «Азаттыктын» жогорку орто деңгээлдеги жетекчилиги алмашканда – кыска толкундагы берүүлөр жабылып, саясий программалардын көлөмү кыскартылып, биздин радио жергиликтүү маалымат каражаттарынан айырмаланбаш керек деген идея үстөмдүк кыла баштаган. Андай болбойт, «Азаттык» – өзгөчө радио, анын вазийпасы дагы өзгөчө деп каяша айткандын баары жумуштан бошотулган.

Алмазбек Атамбаевди мактап, «Азаттыктын» сайтында 2016-жылдын 15-сентябрында чыккан макала

Ошол мезгилде «Азаттыктын» кыргыз бөлүмүнүн жетекчилиги дагы алмаштырылып, беркилер талап кылганды лаппай деп аткаргандар дайындалган жана алар Кыргызстанда ырдалып жаткан ырлардын хит-парадын, базардагы баалар тууралуу же «Эже-сиңдилер» деген сыяктуу берүүлөрдү даярдап, обого чыгара баштаган. Бирок, чындап эле, андай темаларга эмне үчүн америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын коротуш керек экен?

Фарид Ниязовду мактап, «Азаттыктын» сайтында 2016-жылдын 2-сентябрында чыккан макала

Аны менен катар, «Азаттыкта» – жергиликтүү бийликти, анын ичинде Алмаз Атамбаев менен Фарид Ниязовду мактаган макалалар чыгып калган, радионун 70 жылдык тарыхында эч качан андайга мурда жол берилчү эмес, бирок радио эмгиче ошол кездеги салыштырмалуу көз карандылыктан арыла элек десе болот. Ошондой эле кемчиликтер үчүн «Азаттыктын» тажик кызматынын директору Соджида Джафарова жана аны көзөмөлдөгөн Аббас Джавади менен Ненад Пейич сыяктуу жогорку редакторлор кызматынан алынган, бирок кыргыз кызматы тазаланган эмес.

Нарын Айып

259