Таш-Көмүр шаарында батирден аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 1-кичи районунда жайгашкан бекилип калган эшикти ачышканда аялдын сөөгүн табышкан.
Ал батирдин ичинен 1959-жылы туулган 63 жаштагы С.Э. аттуу аял экени аныкталган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.