7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

499

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ааламдашуу арааны жүрүп, дүйнө өзгөрүп жатканда биз дагы аны менен бирге өзгөрүүдөбүз. Бирок кандай гана өткөөл мезгилдер болбосун, маданий баалуулуктарыбыз биздин жашообуздун эң маанилүү аспектилеринин бири болуп келген жана болуп кала берет. Себеби, кыргыз маданиятынын тамыры терең, тарыхы кенен, уңгусу бекем!

Бул бабалар мурасы азыр да опол тоодой кубаттуу жүк көтөрүп, коомубузду өнүктүрүүнүн факторлорунун бири, жаш муундарды тарбиялоонун негизи болуп саналат.

Улуттук маданиятыбыздын унутта калтырбай, аны андан ары өнүктүрүп, заман агымына жараша улам жаңы-жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан искусствонун бардык тармактарынын – музыкалык искусство, аспаптык аткаруучулук, вокалдык искусство, театр искусствосу, балет, көркөм сүрөт искусствосу жана кол өнөрчүлүк жана башка маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет.

Себеби эли-журтубузду эзелтен бери келаткан кыргыз элинин салттуу бай мурасы менен сугарып, мекендештерибиздин дүйнөлүк жаңыланууга умтулуусун, Ата Мекенине, кылымдарды карыткан улуу элине, баа жеткис мурас улуу “Манас” эпосуна болгон сый-урматын арттырган дал ушул маданият жана искусство кызматкерлери экени эч талашсыз.

Адамдын өзүн-өзү таануусунун негизги жолу маданият экени канча мезгилдерден бери аныкталган, такталган айныгыс факт. Мындан улам, кай мезгил болбосун, кай жер болбосун, жалгыз адамбы же жалпы коомчулукпу бардыгы искусство чыгармаларынан ырахат алып, эс алат, жан дүйнөсүнө жагымдуу жай табат.

Кыргыз эли искусствонун беш салаасы: музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө не бир чыгаандарды берди. Мына ошондой жалпы элдин жарпын жазып келген кыргыз маданият тармагынын дөө-шааларынын жолун улап, искусствонун ар кандай багыты боюнча эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып Ата Мекенибизди бүткүл ааламга даңазалап келаткан уул-кыздарыбыз бар экени кубандырат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын алкагында руханий мурасты сактоого салым кошуп, Инсандын руханий — адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын ишке ашырууга салым кошуп келе жатасыздар. Албетте, мамлекет мындай атуулдарын ар тараптан колдоп алат. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100%га чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда.

Кадырлуу өнөрпоздор, кымбаттуу маданият кызматкерлери!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздер ар күнү, ар бир көз ирмемде элдин жакшылыгын, кайгы-кубанычын бөлүшүп, жан дүйнөсүнө майрам тартуулап келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын деп тилек кылам. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм!

Үй-бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр!”,-деди өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500