Ырчы Самара Каримованын инстаграм баракчасындагы катталуучуларынын саны 3 миллион болду. Ал социалдык тармактагы баракчасына жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.
«Той, той, той… Куттуктай берсеңиздер болот»,- деген ырчы айым.
Белгилей кетсек, Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Бир нече ырлары менен элдин сүймөнчүлүгүнө алынып келет.