Бүгүн, 9-апрелде УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.
Буга чейин соцтармактарда абхаз, армян номерлүү унаалардын айрым ээлери унааларды мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам, УКМК төрагасы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайрылуу жолдогон жарандар менен жолугуп, алардын үнүн укту.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик сунуштаган тиешелүү токтомдо унааларды легалдаштыруу 15-мартта башталып, сентябрдын ортосунда жыйынтыкталары жазылган. Армян, абхаз номурлуу унаалардын ээлери бул убакыт ичинде автоунаасын легалдаштыруу үчүн агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек болгон.
Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар каттоого алынаары маалымдалган. Мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом деп белгиленген. Жыйындын жүрүшүндө Абхазиядан, Армениядан ташылып келген унаалардын ээлери аталган сумма көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушту.
Камчыбек Ташиев учурда Абхаз-Армян номерлүү автоунааларга байланыштуу буга чейин бекитилген токтомго ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатканын кабарлады. Жарандарга түшүнүксүз болуп жаткан айрым маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерди сынга алды.
Төрага алдыда чет өлкөлүк номерлүү унааларга чыккан токтомго өзгөртүүлөр киргизилээрин маалымдады. Анда абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун баасы, 2ге чейинки объемдогу унааларга 50 миң сомго төмөндөтүлдү. Ал эми унаа токтотуучу жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралды. Тийиштүү лабороториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү. Ал эми Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылды. Муну менен КР жарандарына жеңилдиктер берилди.
УКМК төрагасы тийиштүү мекемелрдин жетекчилерине жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын берип, унааларды мыйзамдаштыруу процессин да кечеңдетпей жоопкерчилик менен кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, абхаз, армян номурлуу унаалардын ээлери мыйзамдаштыруу процессине байланыштуу 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Унааларды мыйзамдаштыруу менен сатууга уруксат берилбейт. Мыйзамдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат. Ал эми унааны мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга болот.