7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто автоунааларды айдап качкан шектүү кармалды

149

Токмок шаарында автоунааларды айдап качууга шектелип, 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Милиция бөлүмүнө 24 жаштагы жаран кайрылып, 7-апрелден 8-апрелге караган түнү Токмок шаарынын Киров көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан анын  «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Ушундай эле арыз менен Токмок шаарынын милициясына 26 жаштагы аял киши кайрылган. Ал 7-апрелде «Volkswagen Passat» маркасындагы унаасын айдап качкан белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү айдап качкан автоунаалар табылып, ээлерине кайтарылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

150