7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев «Алай районунун ардактуу атуулу» болду, чечим 2008-жылы чыккан

1010

Бүгүн, 25-сентябрь, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Ага төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер, ардагерлер, жергиликтүү тургундар катышкан.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантылаарын белгиледи.

Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуу милдеттерин так аткаруу талап кылынаарын эскертти. Айрыкча коррупцияга каршы курөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Иш чарада Алай районунун акими,  «2008-жылы Алай райондук администрациясы тарабынан кабыл алынып, бирок аткарылбай калган озуйпа»- деп,  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Алай районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1011