7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев күрөш боюнча Азиянын лицензиялык тандоо турниринде сөз сүйлөдү

435

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күрөш боюнча Азиянын лицензиялык тандоо турниринин ачылышында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, акыркы жуманын ичинде Кыргызстандын борбору спорттук иш-чаралардын так чордонунда болду.

“Биз үчүн Азиянын бардык аймактарынан келген спортчуларды кыргыз жергесинде тосуп алуу чоң сыймык. Жеңишти күчтүүлөргө каалайм. Бул спорт майрамы күйөрмандарга атаандаштык маанай жана унутулгус таасирлерди тартуулайт деп ишенем”, — деди Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле, соңку жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортко, анын ичинде күрөштүн түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

“Президенттин демилгеси менен биздин кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз үчүн заманбап спорт комплекси курулду. Спорттук инфраструктура жаңыланып, машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Биздин спортчулар Парижден алтын медаль алып келишет деп ишенем, бул алардын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндөгү эң чоң белеги болот”, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Куттуктоо сөздөрдөн кийин ар кандай салмак категориялары боюнча тандоо туру башталып, жыйынтыгында 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык спортчу Алмаз уулу Бекзат Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды, мындан тышкары кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дагы жеңишке жетишип Парижге жолдомо алды.

Белгилей кетсек, лицензиялык турнир үстүбүздөгү жылдын 21-апрелине чейин уланат.

436