7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев «Батуми» кафесинин буздурулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды

467

Бүгүн, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында жайгашкан «Батуми» тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу тууралуу, өз жеринен барып таанышып келди.

“Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова, УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары Камчыбек Ташиев кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

468