7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Бишкектин борбордук бөлүгүндө жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды

110

Бүгүн, 8-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев президент Садыр Жапаровтун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты.

Буга чейин социалдык тармактарда, борбор калаанын Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг жана шаардык универмаг магазиндерин бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн.

Мындан улам, УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.

Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду өз калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткарууну убадалады.

111