7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев жакын арада чагымчылар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди

440

Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлер боюнча үн катты.

«Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз!»,- деди ал.

441