7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев чет өлкөдөн дарылануудан кайткан жаранды кабыл алды

659

Бүгүн, 30-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурда дарыланууга муктаж болгон Дайырбек Маматкалыев менен жолугушту.

Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Маматкалыев Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок, медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ташиевдин көрсөтмөсү менен Маматкалыевди жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында (Индиянын Гаутамбуднахар округу, Юттар Пардеш штаты, Нойда шаарында) операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн.

Операция аяктап, 29-майда анын үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, Ташиевге жеке жолугушууну суранган. Бүгүн жолугушууда Дайырбектин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери дарттан улам кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.

Ал белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ага байланыштуу Ташиев ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин, Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде да материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660