7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев дарылардын базар баасын кайра карап чыгып, төмөндөтүүнү тапшырды

1599

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Камчыбек Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, медикамент аткезчилигине, тиешелүү мамлекеттик органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына токтолуп өттү.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине чайкоочулукка жол бербөө үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1600