Токмокто түнкү саат 23:00дөн кийин катуу музыка коюууга тыюу салынууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышкан. Алар түнкү саат 23:00дөн таңкы 7:00гө чейин музыкасыз тынчтык өкүм сүрүүсүн каалашат. Анда бардык музыкалык аспаптын коштоосундагы музыка айтылган.
Бирок депутаттардын сунушу кабыл алынган жок. Бул маселе үстүнөн иштелип чыгып, кийинки сессияда каралат.
Ошондой эле Токмоктогу №1 балдар билим берүү уюмунун чатырын оңдоого 150 миң сом бөлүнөт. Ал эми 470 миң сомго 107 тонна көмүр сатып алынат.