7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионуна “Эрдик” төш белгисин тапшырды

628

Бүгүн, 15-ноябрында  УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкерине “Эрдик” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Т.Жанаев менен жолугушуу өткөргөн.

Анда Камчыбек Ташиев Жанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле төрага, спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Жанаев Камчыбек Ташиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенээрин убадалады.

Эске салсак, 2-10-ноябрында Абу-Дабиде джиу-джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага  127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.

Чебер эркектер арасындагы күрөң  кур номинациясындагы 7 кг салмакта 1-орунду УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээлеген.

629