Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «дары-дармек тармагындагы мафиялык аткезчилик качан токтойт» -деп суроо салды.
Ташиев бул тармакта чоң иштер жүрүп жатканын, буюрса ушул айдын аягы дарылардын баасы арзандап баштаарын билдирди.
« Туркия менен салыштырып көрсөк айрым даарылардын баасы 5, 10% кымбат болуп чыкты. Мамлекеттик даары дармектер менен камсыздоо департаменти бааларды көзөмөл кылуунун ордуна мафиялар менен тил бириктирип алып, бирге кылмыштуу иштерге барган. Бүгүнкү күндө 3,4 кызматкерин убактылуу кармоочу жайга киргиздик, 2 мафия колго түштү. Эми жетекчилерди аныктоо жүрүп жатат. Жакында дарылардын баасы кескин арзандай баштайт» -деди.
Эске салсак Камчыбек Ташиев Министрлер кабиненинин жаңы курамында төраганын орун басарлыгына сунушталып жатат.
View this post on Instagram