7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Көлбаевден мыйзамсыз батирлерин элге бөлүп беребиз

481

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбавдин башкалардан тартып алган, миллиарддаган акчага бааланган мүлктүн баары мамлекетке өткөнүн айтты.

«Мен тирүү турганда бир дагы уюшкан кылмыштуу топтун, коррупционердин мамлекетке каршы аракети ишке ашпайт! Көлбаевден алынган батирлердин баары МИК аркылуу жөнөкөй адамдарга берилет.

Азим Ройду (Көлбаевдин өкүл атасы деген маалыматтар айтылып жүрөт) президент дагы, мен дагы кабыл алгам. Ошондо «мен криминалдык жүрүш-турушумду токтоттум. Мен инвестормун, акчам бар, завод-фабрика салайын», — деген. Бирок андан бери эки жыл өттү, Рой завод эмес, бир дүкөн салган жок. Кайрадан өзүнүн «иштерин» баштады. Ошондуктан чара көрө баштадык. Бизге мындай инвестордун кереги жок. Үч жыл мурун Көлбаев, Матраимов менен сүйлөшкөнбүз. Ошондо мыйзамды бузбагыла дегенбиз. Бирок акыркы 1 жылда күчөп кетишти. Мамкызматтагы мурдатан байланышы бар адамдары аркылуу мыйзамдарды бузуп жатышты»,- деди Ташиев.

 

482