7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Көлбаевдин апасы унаалардын документин бербей жатканын айтты

690

Бүгүнкү парламенттин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Камчы Көлбаевдин 6 унаасы аукционго коюлганын, калган унаалары эмне болооруна кызыкты.

«Камчы Көлбаевдин 60тан ашык унаасы алынды. Ошонун 6 унаасынын документтери такталып, мамлекетке өттү, сатып жатышат. Калган көптөгөн унааларын үйүнөн, офистеринен жана пансионаттардан алып келип жатабыз. Кээ бир унааларынын документтери жок. Көлбаевдин өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө жана башкасына, апасына бир нече унаалар катталган. Анын апасына 5, 6 брондолгон унаанын эмне кереги бар? Апасы ооруп жатып, документтерин бербей жатат. Калган унаалардын баарын соттун чечими менен алабыз. Бир дагы унаасы көчөдө калбайт. Үч кызы 3 унаа сураган эле, берген жокмун», — деди ал.

691