7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы бар

396

Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы дагы бар. Тамаша аралаш эскертүүнү Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ал депутаттарды 1-январдан тарта жаңы чаралар күчүнө кириши үчүн коррупция боюнча мыйзамды катаалдаштыруу мыйзам долбоорун карап чыгууга чакырган.

“Мыйзам долбоору үч окууда тең кабыл алынат деп ишенем. Тамаша иретинде айтып коёюн, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыштарын жасаганга убактысы бар, айып пул менен чыгып кетет. 31-декабрдан кийин алар реалдуу жаза мөөнөтүн алышат”, — деди Ташиев.

УКМК төрагасы ошондой эле азыр иштеп жаткан мыйзамдын алкагында коррупцияга айыпталгандардын 80%ы айып пул менен чыгып кеткенин, 13%ы гана соттолгонун кошумчалады.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

397