7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Мага байлыктын да, креслонун да кереги жок…

659

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү, андагы чириген системанын жок кылынышы боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Мен дагы 3 жыл иштеп калсам, 3 жылдан кийин ыйлабашым керек. Ошол маалда кылып калган эмес экем дебешим зарыл. 3 жылдан кийин мени мыйзам коргошу керек. Эл алдында жүзүм жарык жүрүп, мыйзам коргошу кажет. Биз чириген системаны тазалайбыз деп кирдик. 3-4 күндөн кийин сот жана адвокатура системасында иштер жүрөт. Мамлекетти тазалаш керек. Жеке кызыкчылыкты, ишкерликти, акчаны четке жылдыралы. Мен үчүн эч нерсе керек эмес. Ачык айтып коёюн, бул реклама же бирөөгө мактануу эмес. Мага байлык да, кресло да кереги жок. Мамлекетти мыйзамдуу өлкөгө айлантып калышыбыз керек», — деди ал.

660