7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Мамлекеттин бюджетине кол салган чиновникти кууп барып жазалайбыз

1020

Мамлекеттик кызматта иштеп туруп коррупцияга байланышкан иштерди жасай турган болсоңуздар барыңыздар катаал чараларга туш болосуздар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Мурдагыдай тааныш, жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок… Ким мамлекеттик кызматта иштеп коррупцияга аралаша турган болсо, президентибиздин тапшырмасынын негизинде ар бириңиздер жоопко тартыласыздар. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келип иштердин алдында ойлонгула. Жеке өзүңдүн байышыңды ойлоп, ак кызматта иштей албасаң анда иштебей эле койгула. Андан көрө балаңарды карагыла, ишкерлик менен алектенгиле. Мындан ары өтө катуу чаралар көрүлөт, муну эске алгыла! Мамлекеттин бюджетине кол салган чиновник жазасыз калбайт. Эгер иштен чыгып качып кеткен болсо, артынан кууп барып болсо дагы жазалайбыз»,- деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1021