7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Мен коррупционерлердин, бандиттердин тамырын кыркышым керек

441

Мен коррупционерлердин тамырын кыркышым керек. Бандиттердин тамырын кыркышым керек. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде айтты.

 “Мен бул жерде УКМКда түбөлүк отурайын, 10-15 жыл отурайын дебейм да. Андай болушу да мүмкүн эмес. Бирок мен отурган убагымда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек. Мен коррупционерлердин тамырын кыркышым керек. Бандиттердин тамырын кыркышым керек. Мен жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга да зыянын тийгизе албагыдай болушу керек” — деди ал. 

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев баракчасына коррупция менен күрөш аеосуз жүрөрү тууралуу пост жазып, анда убактысы аз калганын билдирген эле. Бул билдирүү колдонуучулар арасында бүдөмүк ойлорду жараткан. Ал берген интервьюсунда айткандары иш менен гана байланыштуу экенин билдирип, жашоосундагы көп нерселерди ачыктай албай турганын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442