Бишкектин жалпы билим берүү уюмдарынан 9-классты 15688 окуучу жана 11-классты 8111 окуучу аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
25-майда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
“Рухи-Мурас” жаңы конушунун №100 мектебинде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты. Ал окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Бишкекте атайын аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн өсүү динамикасы байкалууда, андыктан 262 абитуриенттин ичинен 55 окуучу билимин тастыктап, 20,6%ды түздү. Жалпысынан республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктөрдүн 32,9%ы Бишкек шаары алат.
Быйылкы окуу жылында өткөн жылга салыштырмалуу абитуриенттердин саны 8,3%ды түздү же 23 окуучуга көп болду.