Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу миграция маселелери боюнча Кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Анда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдары үчүн жайкы этно лагерин уюштуруу маселеси каралып, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева баяндама жасады. Депутат өз сөзүндө чет мамлекеттердеги кыргыз диаспоралардын өтүнүчтөрүнө мамлекеттик органдар реалдуу көңүл бурбай келе жаткана токтолду.
“Былтыркы жылы Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу миграция маселелери боюнча Кеңешинин жыйынында мигрантардын балдарын жылына бир жолу Кыргызстанда эс алдыруу маселеси көтөрүлүп, бир катар мамлекетик органдарга тапшырмалар берилген, бирок аткарылган жок. Максат жөн гана эс алуу эмес, чет мамлекеттерде жашаган кыргыз балдары ата-бабалардын киндик каны тамган жерине күйүмдүүлүк сезимдерин, сүйүүсүн, Кыргызстан менен байланышты пайда кылуу жана сактоосуна шарт түзүү” – деди Элвира Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин алып баруусунда өтүп жаткан жыйынга министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат. Анда 2021-2030-жылдарга карата Миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп, Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин 2023-2024-жылдарга иш планы бекитилди. Мындан сырткары Миграция жана адам сатуу чөйрөсүндө иштеген өнөктөштөр менен 1-жогорку деңгээлдеги донордук конференцияны өткөрүү, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдары үчүн жайкы этно лагерин уюштуруу сындуу башка маселелер каралууда.