Мени “бир сом акча алдың” деп эч ким күнөөлөй албайт. Бирөөдөн 1 тыйын, 1 сом акча албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКга колдоном. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирди.
“1 жылда коррупциядан түшкөн каражат 200 миллион сомго жетчү эмес. Ал эми биз 2 жылда 11 миллиарддан ашык акча топтодук. Мындай акчаны мамлекетибиз дагы, атайын кызматтагылар да өмүрү көргөн эмес. Бул акча коррупционерлерден түшүп жатат. Мени “бир сом акча алдың”деп эч ким күнөөлөй албайт. Бирөөдөн 1 тыйын, 1 сом акча албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКга колдоном. Эч ким мени коррупционер деп айта албайт. Мамлекеттин кызыкчылыгы турган кезде дос, жар, тааныш ойнобош керек. Ошондо жыйынтык болот”,— деди Ташиев.