Бүгүн, 2-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Нарын облустук медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюу жана калктын саламаттыгы үчүн ооруканалардын техникалык базасын жакшыртуу максатында 20 автоунааны белекке берди.
Тактап айтканда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына (төрөт бөлүмү) 3 унаа, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна (Нарын шаары, Нарын району, Кара-Кужур, Орук-Там) 4 унаа, Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 1, Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросу 1, Б.Шамеев атындагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Торугарт ФАП, Төрөт бөлүмү) 3, О.А.Коккозова атындагы Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борбору ( Кош-Дөбө а/о оруканасы, төрөт бөлүмү) 3 унаа, Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Миң-Куш а/о ооруканасы, төрөт бөлүмү) 3 унаа, Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору ( төрөт бөлүмү) 2 унаа менен камсыздалды.
Автоунааларды тапшырып жатып Ташиев медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болоорун айтты.
“Саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн мына Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек! Калктын ден соолугу башкы орунда”- деп баса белгиледи Ташиев.
Белгилей кетсек, Нарын облустук медициналык мекемелеринде буга чейин кызматтык автоунаалардын жетишсиздиги күч болуп, калкка тез жана ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар болуп келген.



