7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Ооганстандан 500гө чейин студент кабыл алууга даярбыз

972

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы саясий кырдаалга байланыштуу, кыргыз коомчулугу ооган жаштарынын келечегине  кайдыгер боло албасын билдирди. Ошону менен бирге Кыргызстандагы ЖОЖдор Ооганстандан 500гөжакын абитуриент кабылалууга даярдыгын билдирди.

Акыркы жумаларда Ооганстанда болгон тез социалдык-саясий өзгөрүүлөр, коомдогу тынчтык жана стабилдүүлүк канчалык алсыз экенин көрсөттү. Кыргызстандын коомчулугу Ооганстандагы окуяларга абдан тынчсызданууда.

«Биз, ооган элинин оор сыноолорду башынан өткөргөнүн түшүнөбүз, Ооганстандын ар кандай саясий күчтөрү, өлкө үчүн жоопкерчиликти алып, дароо сүйлөшүү столуна отуруп, өз элинин кызыкчылыгында жана маанилүү бир чечимге келишине чын дилибизден ишенебиз. Биз Ооганстандагы бардык саясий күчтөрдү өз өлкөсүндө гана эмес, бүткүл региондо туруктуулук жана гүлдөп -өсүү үчүн акылмандыкты жана жоопкерчилик сезимин көрсөтүүгө чакырабыз. Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе афган жаштарынын тагдыры, айрыкча анын жаш кыздар бөлүгү, алар кыргыз жаштары сыяктуу эле заманбап билимдерди алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикасына байланыштуу, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз.
Ушул себептен улам, таланттуу афган студенттерине Кыргызстандын университеттеринде билим алуу үчүн студенттик виза берүү менен аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер региондогу эң эркин жана эл аралык университеттердин катарында. Биз мурда жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган афган жарандарына виза берүүнү улантууга, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окууну каалаган 500гө чейин студентти кабыл алууга даярбыз. Алар Кыргызстанга келүү, турак жай табуу, университет тандоо жана окуу акысын төлөө маселесин өз алдынча чечиши керек болот. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана билим берүү мекемелери афгандык студенттерге отурукташууга, ылайыктуу университетти жана окуу багытын тандоого жардам берүү үчүн консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт. Биз Ооганстандын бийлигин Кыргызстанда окууну каалаган студенттеринин биздин меймандос өлкөгө келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында афгандык студенттердин даярдалышы элдерибиздин ар кандай тармактардагы достугун жана кызматташтыгын чыңдоого салым кошот деп ишенебиз. Биздин элдердин достугу жана кызматташтыгы ар түрдүү тармактарда«- деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

973